«Түн ичинде сарайга кирип…» Чүйдө милиция тарабынан 3 жигит кармалды

Чүйдө уурулукка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Сокулук РИИБге Чүй облусунун 58 жаштагы тургунунан арыз түшкөн. Арызда 15-октябрга караган түнү сарайынан 3 малын уурдап кеткендерге чара көрүүнү суранган. Келтирилген чыгым 45 миң сомду түзгөн. Факты Сокулук РИИБге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Милиция тарабынан кылмышка шектелип, 19, 25,17 жаштагы жигиттер кармалып, тергөө абагына киригизилген. Тергөө иштери уланып жатат.