Бишкекте топтошуп мушташууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
18-август күнү таңкы саат 03:36 чамасында “Ынтымак” сейил багында белгисиз адамдар коомдук тартипти одоно бузган жана жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин атайылап бузган аракеттерди жасашып, массалык мушташ уюштурушкан.
Аталган факты боюнча бейбаштык менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүп башталган. Шектүү катары 2005 жана 2003-жылы туулган шектүүлөр кармалып, камакка алынган. Тергөө иштери улантылууда.






