Ак-Суу эмгек башкармалыгынын имараты өрттөндү. Жабыркагандар жок.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 6-февралга караган түнү саат 02:00 чамасында Ак-Суу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын имараты өрттөндү. Өрт өз убагында өчүрүлдү, жабыркагандар жок. Азыр имарат жараксыз.