«Ала-Тоо» аянтында бир нече жигит мушташты. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 27-апрелде саат 22:44тө милицияга чакыруу түшкөн. Окуя болгон жерге кайгуулчулар барышкан. Ал жактан 2000-жылы туулган А.А.ны тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
А.А. баш мээсинен жаракат алган деген диагноз менен Улуттук госпиталга жеткирилген.
Бул окуя КЖБРга Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) менен катталды.
Учурда милиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.