Таласта 19 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-август күнү Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылынын 2003-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Арызында «2022-жылдын 5-февралдын түнүндө үйүнөн жаран колу-бутумду кайрып унаага салып, белгисиз тарапка алып барып, унааны бекитип, мени зордуктады» деп билдирген.
Аталган арыз Бакай-Ата РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Текшерүү учурунда арызда көрсөтүлгөн жаран Кыргызстан айылынын 1979-жылы туулган тургуну экендиги аныкталып, кармалды. Тергөө уланууда.