Түндө уурдалган 26 жаштагы кыз табыла элек. Шектүүнүн ата-энеси суралды

Аламүдүн районунда кыз кишинин уурдалганы боюнча ыкчам издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 6-майга караган түнү милицияга аял киши арыз менен кайрылып, 5-майда саат 23:00дө Лебединовка айылындагы дүкөндүн алдынан белгисиз адамдар эжесин Тойота Эстима унаасына салып, уурдап кетишкенин билдирген. Аталган факты Жазык кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

«Кармоо» планы жарыяланып, Кыргызстандын ички иштер органдарынын кызматкерлерине багыттамалар берилди. Кызды уурдоого шектүү делген адамдын аты-жөнү аныкталды. Ал 1997-жылы туулган Абдумалик Мамаяров экени белгилүү болду. Милиция кызматкерлери анын жашаган жерине барышкан, бирок ал 5-май күнү кечинде үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Анын ата-энеси дагы уулунун кайда жүргөндүгү тууралуу билбей турушканын айтышты. Ошону менен бирге жигит менен кыздын бири-бирин тааный турганы аныкталды.

Чүй ОИИББ 1995-жылы туулган Изять Курбанова жана 1997-жылы туулган Абдумалик Мамаяровдун жүргөн жерин билгендер болсо, ички иштер органдарына кабарлап коюуну суранат. Чүй ОИИББдин нөөмөт бөлүмү: 0312 43 01 27, 43 88 85, 0701 26 63 01. Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмү: 0312 36 35 27.