Түндүк-түштүк альтернативдик жолунда кар көчкү түшүп, үч адам изделүүдө

Бүгүн, 14-февралда саат 12:30 чамасында Тогуз-Торо районуна караштуу Түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолунун болжол менен 334-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кар көчкү «Чайна Роуд» ишканасына тиешелүү Нива, жүктөгүч жана 2 экскаваторду басып калып, 3 киши дайынсыз болууда. Ал жерге Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 6 куткаруучусу, Жалал-Абад облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, ӨКМдин жалпы 20 куткаруучусу тартылган. Учурда “Чайна Роуд” ишканасынан 4 даана жүктөгүч, 30 кызматкер тартылып, издөө жана кар көчкүнү тазалоо иштерин жүргүзүүдө.