Түптө баңгизат өндүрүү боюнча лаборатория аныкталып, андан 22 килограммдан ашык баңгизат табылды

Түп районунда баңгизат өндүрүү боюнча лаборатория жок кылынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына буга чейин Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын тургундарынан турган баңги топторуна карата ыкчам маалымат келип түшкөн. Шектүү жарандар узак убакыт бою Бишкек шаарына “гашиш” жана “марихуана” баңги каражаттарынын ири партияларын жеткирүү менен алектенген. Бул факты боюнча, 2023-жылдын ноябрында Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

3-январда кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдү кармоо чарасы жүргүзүлүп, Ысык-Көл облусунун Түп айылында ИИМдин кызматкерлери 1978-жылы туулган Б.А.Н. жана 2000-жылы туулган Л.Н.В. жүргөн унаасын токтотушкан. Алдын ала маалыматтар боюнча экөө тең мурда соттолгон. Унааны текшерүү учурунда шектүүлөрдүн бирине таандык күрмөнүн чөнтөгүнөн 255 грамм салмактагы “марихуана” баңги каражатынын өзгөчө белгилери бар, майдаланган, кургатылган чөп түрүндөгү кочкул жашыл түстөгү өсүмдүк заты табылган. Мындан тышкары жүк салгычтан сыналгы аныкталып, ал жерден кинескопко катылган кочкул жашыл түстөгү, салмагы 4305 грамм “гашиш” баңгизаты табылган.

Ошондой эле, унаанын ичинде салмагы 1615 грамм болгон майдаланган порошок түрүндөгү кочкул жашыл түстөгү өсүмдүк заты бар ак желим баштык табылган. Андан аркы ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда кармалган жарандар алынган баңги каражаттарын Түп районунун аймагындагы кой короолордун биринен жүктөп жибергендиги аныкталган. Ал жерде дагаралар, газ баллондору, торчолор, кол каптар, отверткалар, скотч, кайчы жана спирттүү флакондор аныкталган.

Мындан тышкары, 3 полиэтилен баштык табылып, алардын ичинде өсүмдүк тектүү, кочкул жашыл түстөгү, майдаланган кургатылган чөп түрүндөгү, “марихуана” баңги каражатынын өзгөчө белгилери бар, салмагы 17 килограмм 564 грамм болгон. Таразага тартууда алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 17 килограмм 819 грамм “марихуана” жана 5 килограмм  920 грамм “гашиш” алынган.