Ысык-Көл облусунун Түп районунда эркек киши айылдашын өлтүрүүгө шектелип кармалган. Ал акыл-эси соо эмес деп табылып, жазадан бошотулган. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.
Маалыматка караганда, айыпталуучу 36 жашта, үй-бүлөлүү, баласы бар.
Адам өлтүрүү августта Арал айылында болгон. Шектүү талаада чөп чаап жатканда 63 жаштагы айылдашы барып, “атыңды менин беде себилген жериме аркандапсың» деген. Алардын ортосунда чыр чыккан. Соттолуучу айылдашын чапкы менен бир нече жолу чапкан. Ал алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.
Сотто мамлекеттик айыптоочу белгилегендей, соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, соттолуучу кылмышка чейин жана андан кийин да акыл-эси жайында эмес, жасаган иштери үчүн жооп бере албайт. Буга байланыштуу ал Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык ооруканага мажбурлап дарылоого жөнөтүүнү суранган. Ишти карап чыккан судья кылмыш ишин кыскартып, айыпталуучуну психикалык ооруканага мажбурлап дарылоого жөнөтүү чечимин кабыл алды.











