Түптө окуучу кыздын өгөй атасы тарабынан зордукталышы. Кылмыш иштин чоо-жайы

Түптөгү балдарга жардам берүү борборунун директору Назгүл Осмонова Ысык-Көлдө 4-класстын окуучусун бир жылдай өгөй атасы зордуктап келгенин айтып чыккан эле. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден окуя тууралуу маалымат беришти.

Ушул жылдын 29-июль күнү милицияга 1975-жылы туулган жаран кайрылган, арызында жарандык никедеги жолдошу 1962-жылы туулган Түп айылынын тургуну 2010-жылы туулган 6-класста окуган кызын эч кимге билгизбестен күч колдонуп зордоп жүргөнүн билдирген.

Факты катталып, Жазык кодексинин 154-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Милиция кызматкерлери аталган кылмышка шектүү катары Түп айылынын тургунун үйүндө колго түшүрүшкөн. Түп райондук соттун чечими менен шектүүгө карата тергөөнүн жүрүшүндө 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Иш боюнча бардык соттук экспертизалар дайындалып, шектүүнүн күнөөсү толук далилденип, шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. 31-август күнү кылмыш иши Түп районунун сотуна жөнөтүлдү.