Түп районунда жашаган жарандын үйүнөн 20 килограммга жакын баңги заты табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Түп районунун аймагында жаран өз үйүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги затын сактап, сатууну көздөп жүргөндүгү тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан маалымат келип түшкөн. Текшерүүдөн кийин маалымат тастыкталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө, алынган маалымат боюнча, кылмышка шектүү делип Түп районунун тургуну, 1970-жылы туулган жаран экендиги аныкталган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Натыйжада жарандан 7 килограмм 816 грамм марихуана алынган, ал эми үйдүн жер төлөсүн тинтүү учурунда дагы 11 килограмм 750 грамм салмактагы гашиш табылган. Ошентип, алынган баңгизаттын жалпы салмагы 19 килограмм 566 граммды түздү. Кармалган жаран Каракол шаарындагы тергөө изоляторуна киргизилди.
13-июнь күнү саат 21:30 чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Ак-Башат айылындагы Кучкач-Ата көчөсүндө жол кырсыгы болгондугу тууралуу...
4-июнда саат 04:57 чамасында Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө өспүрүм кыз оор жаракат алгандыгы тууралуу билдирүү...
Өзгөчө ири өлчөмдөгү коррупция фактысы боюнча УКМКнын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК улуттук коопсуздук органдарынын катарын кызматтын кызыкчылыгына...
Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча документтерди тариздөө үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз алуу схемасын уюштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК...