2022-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда ДЦП менен жабыркаган 16 жаштагы кыз зордукталып, боюна бүткөн. Маалыматты учурунда Ысык-Көл ОИИБ тастыктаган.
Ал эми жергиликтүү ЖМКлар өз булактарына таянып, энеси ДЦП менен жабыркаган кызын жуунтуп жатып, курсагы чоңоюп кеткенин көрүп, УЗИге алып барган. Дарыгерлер кызынын боюнда бар деген бүтүм чыгарышканын жазып чыгышкан. Кийинчерээк өспүрүмгө операция жасалганы, бирок баласын сактап калууга мүмкүн болбогону маалым болгон. Шектүү катары алардын кошунасы кармалган.
Ал эми 2023-жылы анын жактоочусу Ысык-Көл облустук соту зордуктоо боюнча иш кайра кароого жөнөтүлгөнүн билдирген. Анын айтымында, ага чейин райондук сот шектүүнү 11 жылга эркинен ажыраткан.
Бүгүн, 28-ноябрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Каракол шаардык соту чечим чыгарып, шектүү 11 жылга эркинен ажыратылганы маалым болду. Бул маалыматты Ысык-Көл облустук соту тастыктап, мындай чечим 30-октябрда чыгарылганын билдиришти. «Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1,2-пункттары менен күнөөлүү деп табылды. Ага 11 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленди. Айыпталуучунун бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, сот залынан какмакка алынды», — дешти.