Түптөгү үйдөн 48 жана 56 жаштагы кишилердин жансыз денеси табылды

Кечээ, 1-февралда Түп районунун Түп айылында жайгашкан турак үйдөн 2 адамдын жансыз денеси табылды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерге ыкчам топ жөнөтүлгөн. Каза болгон адамдар Түп айылынын тургундары — 1974-жылы жана 1966-жылы туулган эркек кишилер экени аныкталган. Маркумдар жаткан бөлмөдө жылыткычтан өрт чыгып, алар иске ууланып калган. Алардын денесинен зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Окуя боюнча иштин жагдайын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.