Түркияда «Финико» финансылык пирамидасын уюштургандардын бири кармалды. Уюмдун ишмердүүлүгүнөн 1,4 миллион доллар зыян тартышкан. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргызстан Түркиянын Интерполу менен биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн 43 жаштагы жаранды кармашкан. Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык, кылмыштуу чөйрөнү түзүү жана ага катышкандыгы үчүн издөөдө жүргөн.
Буга чейин Грузиянын жана Орусиянын Интерполу менен биргеликте кылмыштарга шериктештиги үчүн Кыргыз жарандарын кармаган. Э.М. (Тбилисидеги абакта, экстрадиция иштери жүргүзүлүп жатат), А.Ч. (Орусиядан Кыргызстанга экстрадицияланган) жана башка мамлекеттин жараны Д.К. кармалган. Чет мамлекеттин жараны Д.К. жарандардын акча каражаттарын алуу жана мыйзамсыз ээлеп алуу максатында финансылык кызмат көрсөтүү шылтоосу менен алдамчылык жана ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоого багытталган туруктуу кылмыштуу топту түзүшкөн. Тактап айтканда, ал «Финико» аттуу каржы компаниясын уюштурган.
«Финико» компаниясынын курамына кылмыштуу топтун аймактык лидерлери болуп Кыргыз жарандары Э.М., А.Ч., С.А., Р.С., Л.Н., К.М дайындалган.
2019-2021-жылдар аралыгында жогоруда аталган адамдар уруксат документтери жок Бишкек шаарынын аймагында 17 офисти мыйзамсыз ачышкан. Аталган топ республиканын аймагында иш жүргүзүп, өзгөчө ири суммадагы жалпы суммасы 1 миллион 283 миң 414 доллар жана 5 миллион 764 миң 980 сомду түзгөн каражатты алышкан.