Издөө иштеринин натыйжасында Түркияда өрт өчүрүүчү тик учак кулап каза болгон Кыргыз жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Алардын маалыматы боюнча, Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун кызматкери жабырлануучу жаткан ооруканага барган. Анын абалы туруктуу, көптөгөн жаракаттары бар. Учурда каза болгон дагы бир кыргызстандык жаранды издөө иштери жүрүп жатат.
16-сентябрда Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасына кулап түшкөн. Түркиянын Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учакта 4 адам болгон, алардын үчөө Кыргыз жараны. Бир Кыргыз жараны ооруканада, калган жарандар боюнча издөө иштери уланып жаткан. Menderesingozu басылмасы изделип жаткан 2 кыргыз жаранынын жансыз денеси табылганын жазган.