Түркияда эки Кыргыз жараны опузалоого шектелүүдө. Алар 31-майда Стамбул шаарында 4 килограмм алтын куймасын ташып бараткан кытайлык жаранды ур-токмокко алып, алтынды тоногон топтун арасында болгон деп айыпталып жатышат. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.
«Демирөрен» агенттиги шаар прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, 20-июнда алты адам кармалганын, экөө кыргызстандыктар экенин жазды. Шек саналгандардын арасында кытайлык, казакстандык жана сириялык жарандар да бар экени айтылууда. Аларга Түркиянын Жазык кодексинин 148-беренеси («Адам опузалоо жана уурдоо») боюнча айып тагылган. Бул берене менен айыпталгандар 6 жылдан 10 жылга чейин камалышы мүмкүн.