Түркияда кыргызстандык келиндин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү. Кылмышка шектүү өз версиясын айтты

Түрк маалымат каражаттары 31 жаштагы кыргыз келинди мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүүнүн берген көрсөтмөсүн жазып чыгышты.

Жарыяланган маалыматтарга караганда, каргашалуу окуя 12-октябрда кечки саат 9 чамасында Текирдаа шаарында жайгашкан үйдө болгон. Ошол күнү 65 жаштагы кайнатасы келини менен урушуп кеткен. Ал урушунда келиндин балдарына (анын неберелерине) жакшы кам көрбөгөнүн жүйө келтирген. Жаңжал учурунда кыргызстандык келин кайнатасына тил тийгизип, жаман сөздөрдү айткан. Эркек киши келинин бычактап өлтүргөн. Окуя болгон учурда үйдө эч ким болгон эмес.

Дагы бир маалымат каражатынын тараткан маалыматына караганда, кайнатасы атайын келини менен жалгыз калуу үчүн аялын жана неберелерин конокко жөнөткөн. Анан ал киши келинге дооматтарын айта баштаган. Аны балдарды сабады деп айыптап, ошондой эле ага жана анын жубайына жаман мамиле кылганын айткан. Ал келининен балдарды урбоону суранган, бирок ал аны уккан эмес. 

Ал жансыз денеден арылууну чечип, сөөктү араа менен бөлүп салган: бир бөлүгүн таштанды челегине ыргыткан, экинчисин машинанын багажына каткан. Ал киши кылмыштын изин жашырып жүргөндө, аялы үйүнө кайтып келген. Ал канды көрүп, эмне болгонун сураган. Күйөөсү кылмышты мойнуна алган, ал эми аял полицияга кайрылган.