Түркияда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн келин. Башкы консул иликтөө процессин тездетүүнү суранды

Тышкы иштер министрлиги 13-октябрда өлтүрүлгөн 1991-жылы туулган Кыргыз жаранынын өлүмү туурасында кеңири маалымат алуу максатында Стамбул шаарындагы Башкы консул жана консулдук кызматкер Текирдаг провинциясынын Черкезкөй районуна барып, жергиликтүү коопсуздук бөлүмүнүн башчысы менен жолуккан. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Башкы консул Лира Сыдыкова иликтөө процессин тездетүүнү сурануу менен бирге, бул иш кыргыз тарабынын тыкыр көзөмөлүндө болорун баса белгилеген. Алынган маалыматка ылайык, учурда Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан Түркиянын жараны кармалып, “өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү” беренеси боюнча айыпталууда. Башкы консулдук маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына консулдук-укуктук көмөк көрсөтүүдө. Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин жана Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө.