Бүгүн, 20-сентябрда Түркияда тик учак кырсыгынан каза болгон эки Кыргыз жаранынын сөөгү Кыргызстанга жеткирилип, туугандарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.
«Министрлик Кыргыз Республикасынын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелери менен биргеликте Измир провинциясынын Мендерес аймагында тик учактын кулашынан каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөктөрүн мекенине жөнөтүү маселесин иштеп чыкты», — деп жазылат маалыматта.
16-сентябрда Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасына кулап түшкөн. Түркиянын Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учакта 4 адам болгон, алардын үчөө Кыргыз жараны. Бир Кыргыз жараны ооруканада, калган жарандар боюнча издөө иштери уланып жаткан. Menderesingozu басылмасы изделип жаткан 2 кыргыз жаранынын жансыз денеси табылганын жазган.











