Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өзгөчө тынчсыздануу менен мамлекеттик органдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан 22 жаштагы келин укуктарын коргоону камсыз кылууга чакырды.
“Сокулукта жаш келин ур-токмокко кабылып ооруканага түштү. Мыкаачылык анын балдарынын көз алдында болгон. Мындай зөөкүрлүк, кылмыш жазасыз калбашы керек. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын-алуу жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында тез чаралар көрүлүшү зарыл”, — дейт Акыйкатчы.
22 жаштагы келин зомбулукка кабылгандыгы боюнча маалымат түшүшү менен Институттун кызматкерлери Акыйкатчынын тапшырмасы менен ооруканага барып, жабырлануучудан кабар алышты. Зомбулук 29-октябрга караган түнү болгон. 22 жаштагы аял 29-октябрь күнү Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Сокулук райондук оорукананын директору Эркинбек Осмоналиевдин маалыматында, жабырлануучунун абалы орточо оор. “Жаш келин катуу сабалган, денесинин баары көгала, гематома. Санында учтуу нерсе менен кесилген жаракат бар, андан тышкары мээси чайкалып, чапталган тырмактары жулунган. Баш мээ менен бөйрөктүн ур-токмоктон жабыркашына дагы шек бар, аны томографиянын жыйынтыгы көрсөтөт”, — дейт дарыгер.
Институттун кызматкерлери жабыркаган аялдын апасы менен дагы сүйлөшүштү. Анын айтымында, кызы 16 жашында турмушка чыккан. Күйөөсү менен жакында эле миграциядан кайтып келишкен. “Буга чейин күйөөсү кол көтөргөнүн билбейм. Бирок “апаңа зыян тийгизем, жада калса өлтүрүп да коем” деп шантаж кылып, коркутуп жүрчү экен”, — дейт аял.