Бүгүн, 17-мартта Свердлов райондук сотунда жаңы Баш мыйзамга каршы чыккан жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновдун баш коргоо чарасы каралып жатат.
15-мартта Бишкекте милиция кызматкерлери жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновду кармап кетишкен. Ал Фейсбукта Тилекмат Куренов деп катталган. 9-март күнү Кудайбергенов тарапташтары менен Ак үйдүн жанында жаңы Конституцияга каршы нааразычылык акциясын уюштуруп, президент Садыр Жапаровду, Жогорку Кеңештин спикерин жана депутаттарды бийликти узурпациялоо үчүн сотко берүүгө даяр экенин билдирген.
Түз эфирди шилтеме аркылуу көрүңүздөр.