ИИМ тарабынан телефондук бейбаштык кылып, башкаларды сыйлабаган, коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын одоно бузган аракеттери үчүн шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Интернет-ресурстарга мониторинг жүргүзүү учурунда ИИМдин кызматкерлери ТикТок социалдык тармагында үстүбүздөгү жылдын 13-январында «@_baktiyaovich…» деген аккаунтту аныкташкан. Ал түз эфирде ар кайсы номурларга чалган.
Ошол эле учурда телефон чалган бир нече жаштар абоненттерди тажатма чалуулар, коркутуулар, адепсиз сөздөр жана түшүнүксүз суроолор менен кыйнашкан. Андан сырткары телефондук бейбаштар телефон чалган учурда айрым учурларда өздөрүн милиция кызматкери катары деп тааныштырып, адепсиз сөздөрдү айтып, коркутуп-үркүтүп, психологиялык кысым көрсөтүшкөн. Аталган факты боюнча Ысык-Ата районунун 3 тургуну кармалган.