«Учитель» чокусунан түшүп келе жатып, тоодон кулаган альпинист изделип жатат

Кечээ, 14-август күнү Ала-Арча капчыгайынын жогору жагында «Учитель» чокусунан түшүп келе жатып эркек киши тоодон кулап түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиршти.

Жерине 6 куткаруучу тартылып, саат 20:30да Ала-Арча паркына жетишкен. Куткаруучулар «Хижина Рацека» альпинисттердин лагеринде жеткенде кеч киргендигине байланыштуу куткаруу иштери бүгүн, 15-августта жүргүзүлөт.