Өлкө жетекчилиги жана мамлекеттик комитет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка карабастан, айрым милиция кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык кызыкчылыгына каршы келген мыйзамсыз аракеттерин улантууда. Сузак РИИБнин жаңы имаратынын ачылышында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын негизги милдети элдин ишенимин актоо, мыйзамдуулукту сактоо жана кылмыштуулукту азайтуу экендигин белгиледи. Ошондой эле төрага күч түзүмдөрүндө мыйзам бузуучуларга каршы күрөш улана турганын, ал эми мыйзамды бузган бардык кызматкерлер ээлеген кызматына карабастан жоопкерчиликке тартылаарын айткан: «Силер милициянын формасын кийгенде, ошол формага татыктуу болушуңар керек», — деп өздүк курамга эскерткен.
Орусияда кыргызстандык 15 жаштагы кызды сүзүп кетти
Санкт-Петербургда Кыргыз жараны Kia Rio үлгүсүндөгү унаасы менен 15 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Бул тууралуу 78.ru басылмасы жазып чыкты. Маалыматка...