Экс-премьер Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан коррупция жана мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Таратылган маалымат боюнча, Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда мамлекеттин жана республиканын жарандарынын кызыкчылыгына каршы негизсиз жана улуттук мыйзамдарды бузуп, өкмөттүн токтомуна кол койгон. Токтомго ылайык, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомуна геологиялык чалгындоо жана алтын казууга кошумча жерлер берилген.
Натыйжада, кендин жалпы аянты эки эседен ашык көбөйүп, 26,3 миң гектарды түзгөн. Анын ичинде бир нече мөңгүлөр жана корголуучу аймак болгон. Буга чейин Кызыл китепке киргизилген уникалдуу жаратылыш комплекстерин, биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүгүн жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн сактоо максатында ушул кендин аянтын кеңейтүүгө тыюу салган өкмөттүн токтому болгон. Кесепети жаныбарларга жана өсүмдүктөрдүн жабыркашына алып келген. Мындай кадам өлкөнүн гидроэнергетикалык тутумун бузушу мүмкүн болчу.
Мындан тышкары, Абылгазиев мамлекеттик кызматта жүргөндө мыйзамсыз түрдө өзүнүн мүлкү расмий кирешесинен бир нече эсе ашып кеткен. Аларды легалдаштыруу максатында Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагынан кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объектилерин сатып алган, ошондой эле көп батирлүү элиталык үйлөрдү курууга каржылык инвестицияларды жасаган. Кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн бул мүлк башка жарандардын атына катталган.
26-январда Мухаммедкалый Абылгазиевге карата кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.