Аймактар аралык кастыкты козутуу боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү боюнча иш-чаранын жүрүшүндө УКМК тарабынан Кыргыз жаранынын катышуусундагы видеоматериал аныкталып, анын аракеттеринде аймактар аралык кастыкты козутуу белгиси бар экендиги такталган. Буга байланыштуу УКМК тарабынан Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада шектүү жаран УКМКга жеткирилип, тергөө органдары тарабынан суракка алынган.
31-майда козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (жарашууну) козутуу) боюнча убактылуу кармоочу жайга киргизилди.










