УКМК: «Айыл Банк» айрым компанияларга кредиттерди мыйзамсыз берген»

УКМК 100 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү болгон «Айыл Банк» ААКтын ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөлөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү текшерди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, «Айыл Банк» тарабынан айрым компанияларга өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюу боюнча ири өлчөмдөгү кредиттерди мыйзамсыз жана туура эмес бөлүп берүү фактылары боюнча маалыматтар тастыкталган.

Мындан тышкары, аталган насыялар калктын социалдык жактан аялуу катмарына, ошондой эле дыйканчылыкты жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталганы, чындыгында бул кредиттердин банкка төлөмдөр боюнча чоң карызы бар экендиги аныкталды.

«Буга байланыштуу УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, анын алкагында тергөө тарабынан, жасалган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштү иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча «Айыл Банктын» жооптуу адамдарынын жана башка жактардын аракеттерине юридикалык баа берилип, бул тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилмекчи»,- деп айтылат маалыматта.