УКМК мамлекеттик объектилерди жана жерлерди мамлекеттин балансына кайтаруу иштеринин алкагында Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө “Ак-Сай” цемент жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан, аянты 10 га жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирип алуу менен цемент завод куруп иштетип жүргөнүн аныктады.
Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгынын маалыматына ылайык, Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтүнүн (азыркы маалда Кулатов а/ө) 14.11.2002-жылдагы №11/1 токтому менен «Ак-Сай» цемент жоопкерчилиги чектелген коомуна завод куруу үчүн Беш-Бурхан айылынын аймагынан 10 га жер тилкеси ажыратылып берилген. Бирок аталган токтомду чыгарууда Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин (ошол учурдагы редакциясына ылайык) 11-12-13-32-беренелеринин талаптары бузулган.












