УКМК маалымат таратып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Бакыт Аманбаевдин үстүнөн жазылган арыз боюнча текшерүү жүргөнүн билдирди.
Маалыматка караганда, арыз жазган тарап мурдагы элчи мурда кармалган жакынынын кылмыш ишин оң жагына чечип берем деп 250 миң доллар алды деген. Ошондой эле ишти Камчыбек Ташиевдин жардамы чечерин айткан. Териштирүүнүн жүрүшүндө, Аманбаев менен арыз жазган тууганынын ортосунда акча маселеси болгону жана Аманбаев акча талап кылбаганы аныкталган. Айтылган 250 миң доллар арыз жазган тарапка кайтарылып берилген. Ошондон улам мурдагы элчиге карата тосмо арыз жазылган. Учурда УКМК арыз жазган адамга карата атайылап жалган маалымат берүү боюнча материалдар даярдалган. Анын жыйынтыгы менен ага юридикалык баа берилет.
20-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөргөн. Жыйында ал белгилүү саясатчы, Кыргызстандын мурдагы элчиси атын пайдаланып, 250 миң доллар пара алганын айткан. Ошондой эле «Бир партияда болгонбуз. Мени менен чогуу жүргөн, бирок мен эч кимди аябайм» деген ал.