УКМК: «Акун» пансионатына мыйзамсыз берилген жер мамлекетке кайтарылды

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан “Акун” пансионатынын жеке менчигине Кара-Ой айылында жайгашкан 17,65 гектар жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарылган. Анын натыйжасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик каттоо органы тарабынан жеке менчик укугуна мамлекеттик акт мыйзамсыз берилген. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз чыгарылган соттун чечими боюнча даттануу козголуп, жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды. Жер тилкенин баасы 371 миллион сомго бааланган.