УКМК: «Алайда кулаган тик учактын ичинде Камчыбек Ташиев болгон эмес»

Алай районунда шашылыш конууга мажбур болгон аскердик тик учактын ичинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев болгон эмес. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош облусунун Алай районунун тоолоруна бүгүн, 4-июнда аскердик тик учак кулады. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, тик учакта учкучтар менен чогуу 15 адам бар болгон. Алардын 4өө жеңил жаракат алган. Учкучтар тик учакты шашылыш кондурууга мажбур болушкан.

УКМК толук маалыматты бир нече убакыттан кийин берерин маалымдашты.