Баткен облусунда Коргоо министрлигинин «Мурас» аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
28-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бодо малдарды аткезчилер менен бирге жеке өзү коштоп Тажикстан Республикасына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда Баткен облусунун Лейлек районунун Интернационал айылында Коргоо министрлигинин «Мурас» аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери кармалды.
Материалдар мындан аркы укуктук баа берүү үчүн Аскер прокуратурасына өткөрүп берилди.
Октябрь РИИБге жаран кайрылып, 10-июнда саат 20:00 чамасында 2019-жылы туулган кызы менен Куйручук көчөсүндө жайгашкан көп кабатуу үйдүн жер төлөсүндө...
13-июнь күнү саат 21:30 чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Ак-Башат айылындагы Кучкач-Ата көчөсүндө жол кырсыгы болгондугу тууралуу...
4-июнда саат 04:57 чамасында Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө өспүрүм кыз оор жаракат алгандыгы тууралуу билдирүү...