Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу «Нижняя Ала-Арча» муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Т.К.Ч. ири өлчөмдө пара талап кылган деген айып менен кармалган. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Такталгандай, кармалган Т.К.Ч. күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу пункттарын, ошондой эле акчалай компенсация үчүн мыйзамсыз ижарага алган муниципалдык жер тилкелерин өз коргоосуна алып аталган иш менен системалуу түрдө алектенген. 2025-жылдын 4-августунда козголгон кылмыш ишинин алкагында Т.К.Ч. 2300 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын өзүнүн иш бөлмөсүнөн пара катары алып жаткан жеринен кармалган. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмыш ишиндеги төгүндөлгүс далилдерди эске алуу менен Т.К.Ч. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда ушул сыяктуу мыйзамсыз фактыларды, ошондой эле башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК өлкөнүн мыйзамдарын бузууга жол берилбестигин эскертет, эгерде алардын бири аныкталса, катуу тиешелүү чаралар көрүлөт, анын ичинде кылмыштуу да чаралар көрүлөт жана мындай фактылардан жапа чеккен жарандар 0312 62-05-85 номуруна кайрылууну өтүнөт.
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматкерлери жарандардан...
Социалдык тармактарда айдоочу транспорт каражатын 200 чакырым/сааттан ашык ылдамдыкта башкарып бара жаткандыгы жана дагы бир видеодо транспорт каражатында бара жатып...
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга эскертүү иретинде маалымат таратты. Жөө өтмөктөргө жакындаганда ылдамдыкты сөзсүз төмөндөтүңүз; Жөө жүргүнчүлөргө,...
22-март күнү Жайыл РИИБне Кара-Балта шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан «Южная» дачасынын аймагында белгисиз адамдын жерге көмүлгөн денеси табылгандыгы тууралуу маалымат...