УКМК: «Бишкекте Казак жараны документтерди жасалмалоого шектелүүдө»

Кыргыз Республикасынын жасалма кызматтык бланктарын жана документтерин мыйзамсыз даярдоо каналына бөгөт коюлду. Бул багытта ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Казак жараны аныкталган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бул мыйзамсыз аракетке бөгөт коюу максатында 24-майда козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам-иликтөө тобу тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, жогоруда аталган чет мамлекеттин жаранынын Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жашаган жана иштеген жериндеги издөөлөрдүн натыйжасында жеке нотариалдык конторанын жасалма мөөрлөрү, Кыргыз Республикасынын туулгандыгы жана ажырашуу тууралуу күбөлүктөрү, Кыргыз Республикасынын ИИМнин жана Саламаттык сактоо министрлигинин расмий бланктары, И.Ахунбаев атындагы КММАнын дипломунун тиркемеси, ЖОЖдун зачеттук китептери, чет өлкөлүк жарандардын өздүгүн тастыктаган документтери табылган.