Коюлган бомбалар тууралуу жалган маалымат тараткан автор аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында коомчулукта резонанс жараткан бомбалар тууралуу бир нече жалган маалыматтарга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
«Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 28-29-март күндөрү борбор калаадагы мектептердин бирине жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу бир нече жолу кабарлаган “телефон террористи” аныкталды. Ал мектептердин биринин 9-классынын окуучусу болуп чыкты, ал бейбаштык кылып Бишкек шаарнын гимназия мектебинин электрондук дарегине “abelozerov5151@inbox.ru” фейк аккаунтунан жалган билдирүү жөнөткөн.
Ал өзүнүн планын ишке ашыруу үчүн окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында видеооюндардын бири аркылуу жасалма чет элдик аккаунтту сатып алып, андан көрсөтүлгөн мектепке эки жолу анонимдүү билдирүү жөнөткөндүгү аныкталды. Анын жашаган жеринде дароо ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, компьютердик техникалар жана уюлдук телефондор алынып, экспертизага жөнөтүлдү.
Ата-энесинин катышуусунда жүргүзүлгөн сурак учурунда эки мыйзамсыз аракетин — жалган билдирүү жөнөткөнүн мойнуна алып, кылган ишине өкүнөрүн айтты. Азыркы учурда Бишкек шаарындагы башка коюлган бомбалар тууралуу анонимдүү маалыматтардын ушул сыяктуу фактыларына окуучунун тиешеси бар экендиги текшерилүүдө»,- деп айтылат маалыматта.