УКМК Бишкектеги райондук милициянын бөлүм башчысын кармады

Бишкек шаардык Ленин РИИБдин 1-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Опузалап пара талап кылуу боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында Ленин РИБдин 1-ШМБ башчысы милициянын подполковниги пара алып жаткан жеринен кармалды, анын аракеттеринде жарандардан түшкөн арыздарды кароодо коррупциялык схемаларды уюштуруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Ал кармалып, камакка алынган.