УКМК: «Бишкектеги «Ред Центр» соода борборуна бомба коюлган делген маалыматты абакта жаткан жаран билдирген»

“Ред Центр” соода борборуна бомба коюлган делген жалган анонимдүү маалыматты Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемесинин биринде жазасын өтөп жаткан жаран билдирген. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

31-январда Бишкек шаарындагы “Ред Центр” соода борборунун кызматкерлеринин биринин абоненттик номерине бомба коюлганы тууралуу атайылап жалган билдирүү келип түшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында анонимдүү билдирүүнү жөнөткөн жаран мурда өзгөчө оор кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемесинин биринде жазасын өтөп жаткан жараны экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо) ылайык кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып тергөө иштери жүрүп жатат. Келтирилген материалдык зыян такталууда.