УКМК Бишкектин мектептериндеги акча чогултуунун бир схемасын таап чыкты

Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору Бишкек шаарындагы мектептердин жана бала бакчалардын директорлорунан акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгын текшерүү учурунда актыда одоно финансылык мыйзам бузууларды көрсөтүү шылтоосу менен, ошондой эле 22 билим берүү мекемесинде (19 мектеп жана 3 балдар чыгармачылык борбору) 2022-жылга карата финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзбөгөндүгү үчүн башкармалыктын жетекчилигинен опузалап акча талап кылган. Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги инспектордун талаптарын аткаруу максатында аталган райондогу ар бир билим берүү мекемесинен 25 миң сомдон чогулткан.

Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору өзүнүн мыйзамсыз аракеттери аркылуу билим берүү мекемелеринин жетекчилерин ар кандай жолдор, шылтоолор менен ата-энелерден акча чогултуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлаган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышты жасоого шектүү катары Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору Жазык-процесстик кодексинин 96-беренеси менен кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.