УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте Ош шаардык сотунун судьясын жана Ош шаардык прокуратурасынын кызматкерин кармады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМКнын дарегине жаран арыз менен кайрылган, анда Ош шаардык сотунун судьясы арыз ээсинин жазык иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн 4000 доллар өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылган. 29-июлда прокуратура кызматкери арыз ээсинен пара катары акча алып жаткан жеринен кармалган. Ошол эле күнү Ош шаардык сотунун судьясы батирине жашынып, дааратканада мурда пара катары алган акчасынын бир бөлүгүн өрттөп жиберген. Бул фактынын негизинде соттук-химиялык жана соттук-техникалык-криминалистикалык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгында АКШ доллары түрүндөгү чет элдик банкноттор бар экендиги тастыкталган.
29-августта Судьялар кеңеши судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.












