УКМК депутат Орозайым Нарматованын суракка чакырылганы боюнча үн катты

Коомчулукта жана социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын суракка чакырылганы кызуу талкууланып жатканына байланыштуу УКМК анын чакырылуу себептери боюнча маалымат таратты.

Улуттук коопсуздук органдарына парламенттик шайлоо учурунда Орозайым Нарматованы 2013-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) 3-курсуна орто кесиптик билими жөнүндө дипломдун негизинде мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча маалымат келип түшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө Орозайым Нарматовага ЖАМУга тапшыруу үчүн жасалма диплом берүү ыктымалдыгы тууралуу да маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө ЖАМУдагы Орозайым Нарматованын өздүк ишинде орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтери жок экендиги аныкталган, бул анын окууга кабыл алынуусунун жана жогорку билими жөнүндө дипломду алуусу мыйзамсыз экендигин күбөлөндүрөт. Мындан тышкары, тергөө учурунда ЖАМУда жеке сессияларды жана тиешелүү экзамендерди тапшыруу учурунда Орозайым Нарматова өлкөдө жок болуп, Орусияда болгону аныкталды. Демек, Орозайым Нарматова Москва шаарында жүргөндө экзамендерди тапшыра алмак эмес, бул дагы ЖАМУнун жооптуу адамдары тарабынан жогорку билими жөнүндө диплом берүү мыйзамсыз экендигинен кабар берет.

Ошол себептен Орозайым Нарматова жогоруда аталган кылмыш иши боюнча тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүү үчүн күбө катары суракка чакырылып, анын жыйынтыгында ЖАМУга окууга кабыл алуу жана жогорку билими жөнүндө диплом берүү фактыларына юридикалык баа берилет.

Кечээ, 14-январда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова УКМКга күбө катары суракка чакыртылган болчу.