УКМК депутаттыкка талапкерлердин кимиси бийликти басып алууну көздөгөнүн ачыктады

26-ноябрда БШКнын жыйынында УКМКнын тергөөчүсү Дамир Суваналиев «Кыргызстандын жашылдар партиясынын» Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган 3 талапкерин жазык жоопкерчилигине тартууга уруксат сурады.

Суваналиевдин айтымында, Суеркулов Нурис Жумабаевич, Акматбеков Руслан Автандилович жана Купешев Бекназар Эсенгуловичтин үстүнөн Жазык кодексинин 38-309-беренеси (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) менен сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат. Тергөөчү аталган жарандар учурда кармалбаганын кошумчалады. БШКнын мүчөлөрү талкуудан кийин тергөөчүнүн суранычын канааттандырышты.

УКМК маалымат таратып, шайлоо бүткөндөн кийин бийликти күч менен басып алууну пландаштыргандар кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, баш-аягы 15тен ашуун киши колго түшүрүлгөн, аларды Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана мурдагы чиновниктер башкарып турган.