Д.Ормонов алдоо, коркутуу жана зомбулук көрсөтүү жолу аркылуу жеке баюу максатында жер махинацияларына байланыштуу мыйзамсыз иштерди жүргүзгөндүгү аныкталды. 23-майда УКМК тарабынан ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
25-майда Ош шаардык соту Д.Ормоновго карата баш коргоо чарасын сыртынан тандап, ошол эле күнү ага карата мамлекеттер аралык издөө жарыяланды. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Д.Ормоновдон жабыркагандар болсо, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына же (03222) 7-00-09 телефон номуру аркылуу кайрылууга болот.