УКМК: «Эл аралык террористтик уюмдун жалдоочусу кармалды»

Эл аралык террористтик уюмдун жалдоочусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

24-ноябрда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны кармалды. Тинтүү иштеринин жүрүшүндө кармалган адамдан Макаров тапанчасы, 4 бычак, 2 мобилдик аппарат, чоң көлөмдөгү диний адабияттар, 7 банк картасы, террористтик мазмундагы видео-аудио файлдар табылып алынды. Кармалган адам УКМКнн тергөө камак жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.