УКМК: «Эмгек» партиясы тарабынан добуш сатып алуу фактысы аныкталды (сүрөт)

«Эмгек» партиясы тарабынан добуш сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, 10-июлда УКМК ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси («добуш сатып алуу») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Ленин районунун 2-муниципалдык аймактык башкармалыктын (МТУ-2) жашоочуларына акча таратып жаткан жеринен «Эмгек» партиясынын өкүлү кармалды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран «Эмгек» партиясынан талапкердин көрсөтмөсү боюнча МТУ-2 жашоочуларынын ар бир катталган шайлоочуга 1 миң сомдон акча каражатын таратып жаткан. Тинтүү учурунда бөлүштүрүү үчүн арналган 10 миң сомдук акча каражаты, ошондой эле акча каражаттарын алгандыгы жөнүндө белги коюлган шайлоочулардын тизмеси табылып алынды. Учурда УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.