Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлери 2020-жылдын июлунда чек арада кармалган аткез жүктөгү кычкылтек концентраторлордун бир бөлүгүн менчиктеп алышкан. Мындан улам мамлекетке 9 миллион сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чек арадан аткез жүктү алып өтүү аракетине чек ара кызматкерлери чара көрүп, токтотуп калышкан. Чек арачылар жүктөн 75 кычкылтек концентраторун жана акциздик маркасы жок тамеки продукцияларын табышкан. Кийинчерек, жүктүн баары финполго өткөрүлүп берилген.
«Ишти мындан нары иликтөөдө финполдун кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, келтирилген зыяндын көлөмүн төмөндөтүп, ошондой эле жүктүн бир бөлүгүн атап айтканда 27 кычкылтек концентраторлорун бөлүп алышкан. Бул факт сотко чейинки өндүрүшкө “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча КЖБРге катталган», — деп билдиришти УКМКдан..
Учурда финполдун кызматкерлерине карата тергөө амалдары уланып жатат.