УКМК: Имамидин Ташов менен Тилекмат Кудайберген уулу бийликти күч менен басып алууга шектелүүдө

УКМК «KG Групп» курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташовду аны атайын кызматтын кызматкерлери уурдап кетти делип, 100 миллион сом төлөөгө аргасыз болду деген билдирүүсүн четке какты.

Тергөөдө аныкталгандай, Имамидин Ташов СИЗОдо отурганда уюлдук байланыш аркылуу издөөдө жүргөн Тилекмат Кудайберген уулу (мурдагы Тилекмат Күрөңов) жана башка деструктивдүү маанайдагы адамдар менен биргеликте зомбулук көрсөтүүнү, массалык митингдерди өткөрүүнү, социалдык маселелерди козгоп бийликти басып алууну пландашкан. Ал өзүнүн кылмыштуу ойлорун ишке ашыруу үчүн Тилекмат Кудайберген уулун жана башка бир катар адамдарды туруктуу негизде каржылаган. Натыйжада УКМК тарабынан Имамидин Ташовго, Тилекмат Кудайберген уулуна жана башка адамдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө аларга карата издөө жарыяланды.

Мындан тышкары укук коргоо органдары тарабынан Имамидин Ташовго карата алдамчылык боюнча фактысы 16 кылмыш иштери тергелүүдө. Тактап айтканда, ал 26-октябрда кармалып, №21 мекемеге жеткирилген. Бишкек шаарынын аймагында «KG Групп» тарабынан 6 көп батирлүү турак-жай курулуп, бирок уруксаты жок өз алдынча курулгандыктан бул объекттердин бири да пайдаланууга берилген эмес. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 10 батирге жана 1 коммерциялык жайга 52,4 миллион сом суммасында муниципалдык менчикке кайтаруунун натыйжасында Имамидин Ташовдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. Бирок абактан чыккандан кийин ал митингдерди даярдоо жана бийликти күч менен басып алуу фактысы боюнча ишмердүүлүгүн уланткан.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.