УКМК: «Жаранды бөтөлкө менен сабагандарга милиция чара көрбөй койгон»

Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу (шалаакы аракетсиздик) фактысы боюнча Нарын ШИИБдин кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

14-мартта УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгына жаран кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда 9-мартта Нарын шаарындагы оюн-зоок мекемелеринин биринде аны белгисиз адамдар эч себепсиз эле кемсинтип, сөгүп, анан бөтөлкө менен уруп, ден соолугуна зыян келтирүүгө аракет кылышканы айтылат. Бул боюнча «102» кызматына телефон чалган, бирок келген милиция кызматкерлери шалаакылык мамиле кылып, эч кандай мыйзамдуу чараларды көрбөй окуя болгон жерден кетип калышкан.

Мекеменин көзөмөл камераларынан алынган видеоматериалдарга караганда, милиция кызматкерлери арыз ээсинин жүйөлөрүнө чындап эле тийиштүү аракет кылбаганы, андан тышкары кылмыш чөйрөсүнө жакын адамдардын аны шылдыңдап, кол салуусуна жол берип, муну менен анын конституциялык укуктары бузганын көрсөтүп турат.