УКМК: «Жасалма акча өндүрүү менен алектенген компанияда тинтүү жүргүзүлдү»

Акча каражаттарынын жасалмалоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Жазык кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи пункту (акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз жараны кармалды. 13-октябрда анын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, ал өз ыктыяры менен номиналдык 100 доллар болгон 4600 доллар өлчөмүндөгү накталай акча каражаттарын берген. Бул материалдар боюнча соттук-техникалык экспертиза дайындалды.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда бардык жагдайларды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча керектүү чаралар көрүлүүдө.