УКМК Камчы Көлбаевди 10 адам менен чогуу кармады

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Көлбаев дагы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

16-ноябрда УКМК Ысык-Көл облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, кыргыз-кытай чек арасына жакын жердеги “Булат-М” мергенчилик талаасынан кайтып келе жатканда “Карасай” чек ара пунктунан «мыйзамдагы ууру» деп аталган Камчы Көлбаев (Асанбек) жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан тиешелүү уруксаттары жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталды. Бул боюнча мыйзамга ылайык, кармалгандарга административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында 8 даана ок атуучу курал (4 «Сайга» карабини жана 4 даана «ПМ» жана «Глок» үлгүсүндөгү тапанча) табылып алынган. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ал буга чейин 2020-жылдын октябрь айында кармалып, 2021-жылдын март айында бошотулган эле.