УКМК: Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

УКМК жана Талас облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте Талас облусунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү тарабынан опузалап акча талап кылуу фактысын аныктады.

Тактап айтканда, маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Ж.А.А., К.Э.Ж. жана башка адамдар физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, Т.Т.Т. аттуу жарандан 250 миң сом акча каражатын талап кылышкан. Аталган адамдар Казак жараны Т.Т.Т.дан 60 миң сом карызын кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган деген шылтоо менен жогорку суммадагы акчаны опузалашкан. 2023-жылдын декабрынан бүгүнкү күнгө чейин карыздын кечиктирилиши үчүн “пайыз” деп аталган сумманы эске алуу менен талап кылынган акча 250 миң сомго чейин көбөйтүлгөн.

Бул фактынын негизинде УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Опузалап пара талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында К.Э.Ж. талап кылынган сумманын 140 миң сом өлчөмүндөгү бөлүгүн алып жаткан учурда кармалган.

Жогорудагы адамдар Т.Т.Т.га таандык BMW 530 үлгүсүндөгү унааны да күрөө катары мыйзамсыз ээлеп алып, ал К.Э.Ж.нын гаражын тинтүү учурунда табылган. Аталган факты боюнча кармалган К.Э.Ж. жана Ж.А.А. Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.